Түркия Орусияга «Крокустан» кийин жаңы теракттын алдын алууга көмөктөштү

  • 3 месяца мурун

Түркиянын атайын кызматтары Орусияга «Крокус Сити Холл«имаратындагы кол салуудан кийин экинчи теракт даярдалып жатканы тууралуу эскертти.

Бул тууралуу түркиялык Hurriyet гезити жазды.

Басылманын жазганына караганда, террористтер эл көп чогулган соода борборуна кол салууну пландаган. Hurriyet басылмасы кабарлагандай, бул маалымат 22-мартта «Крокус Сити Холлдогу» чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган «Ислам мамлекети-Хорасан» террористтик тобунун кармалган беш жактоочусунан алынган. Башка маалымат берилген жок.

«Крокустагы» теракт 2024-жылы 22-мартта болгон. Тергөө комитетинин маалыматында, анда 144 киши каза тапкан. Алардын жарымына ок тийсе, көбү өрт чыкканда түтүнгө тумчугуп жашоо менен кош айтышкан.

Теракт үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу алган. Батыш өлкөлөрү жана АКШ терактты ушул экстремисттик топтун мүчөлөрү уюштурганын айтып келет. Орусия болсо кандуу калабаны Украинадан көргөн. Киев бул айыптоону четке каккан.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты