Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени маалым болду
- 3 часа мурун
Түркия Кыргызстандын тышкы карызын кечкени маалым болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган менен жолугушуу учурунда билдирди.
Маалым болгондой, ал тышкы карыз «жашыл экономика» жаатындагы долбоорлорго алмаштырылды.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын тышкы карызы 62,3 млн долларды түзөт.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 4-ноябрда Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Түркиянын лидерин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.
6-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.
Сүрөттө: Кыргызстандын жана Түркиянын туулары. gov.kg
Муну бөлүшүү