Түркия алдамчылыкка айыпталган өзбек жарандарын Мекенине депортациялады

  • 1 месяц мурун

2022-жылдан бери алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн 38 жаштагы Дилафруз Мадиева Түркиядан Өзбекстанга депортацияланды. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу билдирди.

Маалыматка караганда, Мадиева түрк жана өзбек укук коргоо органдарынын Стамбулдагы биргелешкен ыкчам аракеттеринин жыйынтыгында кармалган. Ал өзбекстандыктарды Стамбул аркылуу АКШга жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүүнү убадалап, акча алып жүргөн.

Буга чейин Өзбекстандын дагы бир жараны Түркиядан мекенине депортацияланганы кабарланган. Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн 37 жаштагы Барно Инотова Өзбекстанга 12-августта жеткирилген.

Өзбекстандын Статистика агенттигинин маалыматына караганда, 2024-жылдын биринчи жарымында Түркияга 91,8 миң өзбек жараны чыгып кеткен. Бул өткөн жылдын алгачкы алты айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 21,2% көп.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты