Түрк мамлекеттер уюмуна быйыл Кыргызстан төрагалык кылат

  • 3 дня мурун

Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ)  саммити өтөт. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

“2024-жылдын 6-ноябрында өтө турган Бишкек ТМУ маммити өлкөлөрүбүздүн ортосундагы интеграциялык процесстерди мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүнө, Кыргызстан менен түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы мамилелер мындан ары да өз ара ишенимдин негизинде жана биздин элдерибиздин кызыкчылыктары үчүн өнүгөт деп ишенебиз” деп билдирди ТИМ.

“Акыркы жылдары Түрк мамлекеттер уюму түзүлө баштагандан бери узак жолду басып өтүп, толук кандуу эл аралык уюмга айланды. ТМУ тарыхый, маданий жана диний коомчулуктун аркасында жогорку потенциалы бар маанилүү аймактык бирикме болуп калды. Кыргызстан түрк өлкөлөрү менен кызматташууга өзгөчө маани берет жана тынчтыктын жана прогресстин кызыкчылыгында бардык өлкөлөр менен өз ара пайдалуу, жемиштүү өз ара аракеттенүүгө ачык” деди ТИМ.


Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттерди жана байкоочу-мамлекеттерди маанилүү дата — ТМУну түзүү жөнүндө Нахчыван келишимине кол коюлгандыгынын 15 жылдыгы, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин кызматташтык күнү менен куттуктайт.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты