Төрага Шакиев Тажикстанга жөнөп кетти

  • 3 дня мурун

Бүгүн, 10-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Тажикстанга иш сапары менен жөнөп кетти.

Иш сапардын алкагында Шакиев Тажикстандын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата уюштурулган эл аралык конференцияга катышат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Төрага баштаган делегациянын курамында депутаттар Динара Ашимова, Жумабек Салымбеков жана Эльдар Сулайманов бар.

Сүрөттө: Тажикстан парламенти. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты