Төрөбаев Ирандын президенти Пезешкиандын ант берүү аземине катышты  

  • 2 месяца мурун

Иранга жумуш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жаңы шайланган Президент Масуд Пезешкиандын Ирандын президенти кызматына расмий киришкендигине байланыштуу Кыргызстандын бийлигинин атынан куттуктады жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий байланыштын жогорку деңгээлин белгилеп, Кыргызстан Иран менен достук мамилеге өзгөчө маани берерин, бул эки тараптуу кызматташтыкты көптөгөн тармактарда өнүктүрүүгө бекем негиз түзөрүн билдирди.

Өз кезегинде Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиан иран тараптын жүргүзүлүп жаткан саясий диалогду улантууга, ошондой эле кыргыз-иран кызматташтыгын прогрессивдүү өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын белгиледи. 

Белгилей кетсек, Ирандын жаңы шайланган президенти Масуд Пезешкиандын расмий ант берүү аземине президент Садыр Жапаровдун атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз делегациясынын башчысы катары катышты.

Ант берүү аземине катышуу үчүн Тегеран шаарына бир катар чет өлкөлөрдүн мамлекет, өкмөт жана парламент башчылары, анын ичинде Тажикстандын президенти, Армениянын премьер-министри, Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын спикерлери, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – тышкы иштер министри, ошондой эле башка чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары келген. 

Сүрөт: Бакыт Төрөбаев жана Масуд Пезешкиан. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты