Сымаптын ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду

  • 4 часа мурун

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери республиканын түштүгүндө белгисиз жаран сымаптын ири өлчөмүн сатууну көздөп жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Текшерүү учурунда унаанын ичинен салмагы 6 кг 200 грамм сымап салынган желим идиш табылган.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Топтолгон материалдардын негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгында кылмыш-жаза кодексинин 292-беренеси менен (Сатып өткөрүү максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү) кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ноокат районунун аймагында «Daewoo Tico» маркасындагы автомашина кармалып, анда шектүү адамдар болгон. Унааны Ноокат районунун тургуну, 1985-жылы туулган М.Н. аттуу жаран башкарып жүргөн.

Текшерүү учурунда унаанын ичинен салмагы 6 кг 200 грамм сымап салынган желим идиш табылган.
Ошондой эле сымаптын ээси болгон унаанын жүргүнчүсү Ноокат районунун 1983-жылы туулган тургуну К.У. аттуу жаран дагы кармалды.

Шектүүлөр кармалып, Ноокат РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Сымаптын ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду
Сымаптын ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюлду

Иллюстрациялык башкы сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты