Сузак шайлоо округу: Шайлоо тилкесинен тышкары жерде добуш берүү жүрүүдө

  • 4 недели мурун

Эртең, 22-сентябрда, бир мандаттуу №13 Сузак шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өтөт. Ал эми бүгүн шайлоо тилкесинен тышкары жерде добуш берүү жүрүүдө.  

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

№13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү боюнча 81 арыз түшкөн, анын ичинен 32 киши карылыгы боюнча, 22 киши ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу, 27 киши ден соолугуна карап шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү ниетин билдирген.   

Шайлоо тилкесинен тышкары добуш берүү шайлоого бир күн калганда, саат 8 ден 20 га чейин өтөт. БШК шайлоочунун шайлоо тилесинен тышкары жерде добуш берүү боюнча жазуу түрүндөгү арызы болушу шарт экенин белгиледи.

БШКнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө жалпысынан 7 талапкер катышууда.

15 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

19-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовду мандатынан ажыратты. Буга Икрамовдун өз эрки менен арыз жазганы негиз болгондугу айтылды.

Сүрөт: shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты