Сузак шайлоо округу боюнча бүгүн — “Жымжырттык күнү”

  • 1 месяц мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) шайлоо алдында үгүт иштери добуш берүү башталганга чейин 24 саат калганда б.а. 2024-жылдын 21-сентябрында саат 8:00дөн тартып токтотуларын эске салды.

БШК мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана жайларынан тышкары жайгаштырылган басылма үгүт материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берүү күнү мурдагы орундарында сакталарын маалымдады.

Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүгө катышуу үчүн БШК тарабынан аккредитациядан өткөрүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар “жымжырт күнү” үгүт жүргүзүүгө укуктары жок экендигин да белгиледи.

БШКнын маалыматы боюнча, жалпысынан 7 талапкер, анын ичинде 1 катышууда.

Президенттин 2024-жылдын 24-июлундагы жарлыгына ылайык, №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 22- сентябрына дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты