Суунун сапатын аныктоочу лабораторияларды өнүктүрүү колго алынат

  • 2 месяца мурун

Кыргызстанда суунун сапатын аныктоочу лабораторияларды өнүктүрүү колго алынат.

Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Германиянын GIZ коомунун өкүлү Р.Шумахер жана Патрик Букер менен «Шаарларды өнүктүрүү» аймактык долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуу учурунда сөз болду.

Жыйындын жүрүшүндө курулуштарды, экологиялык аспектилерди пландаштырууда ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды пайдалануу маселелери талкууланды.

Долбоорду ишке ашыруунун алкагында суу ресурстары кызматы бассейиндик суу чарба башкармалыктарынын жана «Таза суу» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, техникалык потенциалды жана суунун сапаты боюнча лабораторияны өнүктүрүүнү сунуштады.

Суунун сапатын аныктоочу лабораторияларды өнүктүрүү колго алынат

Сүрөт: agro.gov.kg

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты