“Сулайман, Бишкек, Пржевальский”. Сиз жашаган жердин аталышы  эмнени түшүндүрөт? Изилдөө

Биздин команда Кыргызстандагы шаар, айылдардын аталыштарын изилдеп, өлкөнүн бардык аймактарында эң кеңири тараган, узун жана кыска аталыштарды аныктады.

Кыргызстанда 1941 калктуу конуш болсо, анын 45и шаарлардын курамына кирет. Конуштардын саны боюнча Ош облусу алдыда турат: республикадагы шаар жана айылдардын төрттөн бир бөлүгү Ошто жайгашкан. Бул жагдайды тарыхый жактан аталган аймак узак убакыт бою Кокон хандыгынын карамагында болгондуктан, кыргыз элинин түштүктөгү көчмөн уруулары түндүк урууларына караганда эртерээк отурукташкан жашоо образына өтө башташканы менен түшүндүрүлөт.

Айыл аттары эмне менен байланышкан?

Биз топонимисттер сыяктуу эле бардык аталыштарды категорияларга бөлүп алдык. Категориялардын бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:

Эми ар бир категория эмнени билдирерин карап көрөлү. Аймактык өзгөчөлүктөрдү билгизген топонимдерге Ак-Булуң, Кош-Дөбө, Сары-Колот сыяктуу аталыштарды киргизсе болот. Жети-Өгүз районунда жайгашкан Ак-Шыйрак топоними тоо кыркасынын атынан келип чыккан. Ак-Шыйрак тоосуна алыстан же картадан караганда ал өзүнүн формасы менен сөөккө окшош.

Ар бир онунчу топоним адамдын аты менен байланышкан. Анын ичинде биздин борбор шаарыбыз Бишкек да бар.

Уламыштарга караганда, шаар жайгашкан жерде кыргыздын күчтүү, акылдуу Бишкек аттуу баатыры жашаган. Убакыттын өтүшү менен ал жер элге таанылып, баатыр жашаган аймак «Бишкек» деп аталып, шаарга айланган. Ал эми айрым изилдөөчүлөр «Бишкек» деген сөз кымыз аралаштырган чөйчөктү түшүндүрөрүн белгилешет.

Кыргыз эли өз айылдарынын аталыштарында табияттын да өзгөчөлүктөрүн белгилей жүргөн. Тунук-Суу, Арашан топонимдери суунун өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп турат. Биз 239 айыл суунун урматына коюлганын байкадык.

Жаратылыш жөнүндө сөз кылып жатып, бадал дарактарынын атынан коюлган айыл аталыштарын да белгилей кетүү керек. Табылгы, Терек, Сөгөт ж.б. Булар өсүмдүктөргө арналган кызыктуу топонимдердин аз гана бөлүгү.

Кыргыздын сөз байлыгы айыл, шаар аталыштарында да байкалган. Мисалы, Жаңы-Турмуш айылдары жаңы жашоонун башталышы менен байланыштырылып коюлган.

«Кара», «Ак» же «Кызыл»: Кыргызстандын айылдарында кайсы түс көп?

Ар бир жетинчи конуштун аталышы түс менен байланышкан. Аталыштардагы түстөр, эреже катары, өзүнчө аталыш эмес, анын бир бөлүгү болуп эсептелет. Мисалы, Кара-Балта, Сары-Алтын, Кызыл-Алма. Бирок Баткен районундагы Боз айылы бул эрежеден тышкары. Бизде жалпысынан 319 “түстүү” айыл-шаар бар.

Түрколог жана филология илимдеринин кандидаты Таалайбек Абдиевдин айтымында кыргыз эли түстөргө өзгөчө маани берген:

«Кыргыз тилинде түстөрдүн аталышы бир нече мааниге ээ болушу мүмкүн. Мисалы “кара” түстү билдирүү менен бирге чоң, улуу дегенди билдириши мүмкүн».

Мындай көрүнүш «ак» жана «кызыл» сөздөрүнө да тиешелүү. «Ак» түстү билдирүүдөн тышкары, «жарык», «таза» дегенди да түшүндүрөт.

«Кызыл» - «кандуу», «жалындуу», «келишпес» же «жаш»  дегенди билдирет. Ал эми Советтик Союздун доорунда «кызыл» коммунизмдин символу катары да колдонула баштаган.

Советтер Союзу топонимикалык фактор катары

Кыргызстанда кеңири таралган аталыштардын бири – «Кызыл-Туу» – Советтер Союзуна тиешелүү.

Ошондой эле Большевик, Интернационал, Коммунизм, Комсомол, Лесхоз ж.б. аталыштар. Кыргызстанда жалпысынан 218 айыл-шаардын аталыштары Советтик Союзга түзмө-түз тиешелүү экени байкалат.

Совет доорунан калган топонимдердин дагы бир категориясы - эсте каларлык даталар же коммеморативдер. Бул категорияга кирген аталыштар маанилүү окуялардын же адамдардын урматына коюлган. Пятилетка, 50 лет Киргизии, 50 лет СССР, Биринчи Май – бул топонимдер советтик адам үчүн маанилүү даталарды унутууга жол бербейт.

Кошуналар: айыл аталыштарындагы коңшулардын таасири

Чоң шаарларыбыздын бири болуп саналган Ош фарс тилинен «жагымдуу, жакшы шаар» деген мааниге ээ

Кызыктуу факт: Ош дүйнөдөгү эң байыркы шаарлардын бири жана Рим шаары менен тең деп аталып келет. Чыгыш менен Батышты бириктирген Улуу Жибек жолунда Ош ири шаарлардын бири болгон. Өз тарыхында Ош Чыңгыз хандын чабуулдарын, Аксак Темирдин империясын, Улуу Моголдордун династиясын жана Кокон хандыгынын экспансиясын башынан өткөргөн.

Кыргызстанда башка тилдерден келип чыккан топонимдер көп. Мисалы, «Дархан» монгол тилинен «уста» дегенди билдирсе, иран тилдик тобунда «Сары-Талаа» «чоң талаа» деген мааниге ээ. Айыл аталыштарына көбүнчө өлкөнүн түштүгүндөгү кошуналардын тилдери таасир тийгизген. Жалал-Абад облусундагы Параканда айылынын топоними өзбек тилинен «чачылган» деген мааниге келсе, Баткен облусундагы Лангар айылынын топоними «казык» дегенди түшүндүрөт.

Эң көп кездешкен аталыштар

Жердин атын атын аймактын өзгөчөлүгүнө, жаратылышка, түскө байланыштырып коюу өлкө аймагы боюнча 237 айылдын окшош аталышка ээ болуусуна алып келген. Мисалы Арал деген айылдын аты 14 ирет кездешет. Бул атты бардык облустардан, айрымдарынан бир нече ирет кездештирүүгө болот.

Бирок кайталанбаган аталыштар да бар. Алардын саны 1218 жетет, мисалы: Агроном, Ак-Торпок, Бөрү ж.б.

Кээ бир топонимдердин лексикалык мааниси чечмелене элек болгону үчүн, айрым аталыштарды биз кайсы бир категорияга киргизе алган жокпуз. Айталы, Керкидан же Ирилеш сыяктуу. Топонимдердин толук тизмеси - бул жакта.

Аталыштар эң көп кайсы тамгадан башталат?

Айыл-шаарлардын аталыштары эң көп кайсы тамгадан башталарына кызыгып көрдүк. Көрсө айыл жана шаарлардын көпчүлүгү “К” тамгасынан башталат экен (Кайнар, Каракол, Кызарт ж.б.). Мындай аталыштардын саны - 524. Ал эми “Ю” тамгасынан башталган аталыштардан бирөө гана. Ал - Юрьевка айылы.

Түркологдун айтымында, “К” тамгасы менен башталган сөздөр кыргыз тилинде көп учурайт:

“Жалпы түрк тилдеринде, анын ичинде кыргыз тилинде “К” тамгасы менен башталган сөздөр көп. Муну сөздүктөрдөн да текшерсе болот. Башка тамгаларга караганда “К” тамгасынан башталган сөздөр көп. Ошондой эле лингвисты белгилегендей “ка” жана “ки” тыбыштары бири бирине жакын жана биздин тилде оңой айтылат” - деди Таалайбек Абдиев.

Биз эң узун жана эң кыска аталыштарды да карап көрдүк. Эң узуну аталыш - Григорьевская Пристань, 22 тамгадан турат. Айылдын түзүүчүсү болгон Григорий  Лытиковдун ысымын алып жүрөт. Артынан эле Доктурбек Курманалиев айылы, 21 тамгадан турат. Бажы кызматынын генералы Доктурбека Курманалиевдин урматына коюлган.

Кыргызстандагы эң кыска аталыш - Ош. Ал эми 3 тамгадан турган айыл аталыштарынын саны кыркка жетет. Мисалы: Тоң, Кум, Боз, Түп ж.б.

Айыл жана шаарлардын аталыштары анын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн чагылдырат. Андыктан тилибиздин, маданий мурасыбыздын бөлүгү катары  жер-суу аталыштарын изилдөө - абдан маанилүү. Келиңиз сиз дагы изилдөөгө өз салымыңызды кошуңуз, сиз жашаган аймактын аталышы эмне менен байланыштуу? Комментарийге калтырыңыз.

Изилдөө учурунда К.Юдахиндин Кыргызча-орусча сөздүгү; “Географиялык аталыштардын сыры” 1977, Д.Исаев; Кыргыз тарыхы.Кыска энциклопедия 2003. китептери колдонулду.

Авторлор: Чолпонбек Сабырбеков, Эркеайым Темирболотова, Алтынай Нурланова

Дата-редактор: Чолпон Узакбаева

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте Кыргыз Республикасында USAIDдин колдоосу менен ишке ашырылган «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары тарабынан түзүлдү. Программанын ментору — Андрей Дорожный. Материалдагы ой-пикирлер жана тыянактар сөзсүз түрдө Интерньюстун жана анын өнөктөштөрүнүн көз-карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты