Судьялар кеңеши эки судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди

  • 3 месяца мурун

3-июлда судьялар кеңешинин жыйынында Чүй облустук сотунун судьялары К.У.Ж жана А.Т.А. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө башкы прокурордун сунушу каралды. Судьялар кеңеши аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Бул тууралуу судьялар кеңеши билдирди.

Маалыматта айтылгандай, судья К.У.Ж кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 2-пунктунда 343-беренесинин 2бөлүгү, 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.

Ал эми А.Т.А. кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-пунктунда, 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 342-беренеси, 337-беренесинде каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталууда.

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамасын угуп,  корутундусун талкуулап, башкы прокуратуранын сунуштамасын канааттандыруу жана жогоруда аталган судьяларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды.  Президентке судьяларды кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан 2-июлда А.Т.А. жана К.У.Ж. аттуу Чүй облустук сотунун эки соту пара алууга шектелип кармалганы белгилүү болгон.

«Баштапкы маалыматтарга караганда, кармалган Чүй облустук сотунун судьяларынын аты-жөнүнүн баш тамгалары судьялар Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовдун ысым, фамилиясына дал келет. Булар мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын чуулуу ишин караган соттор» деп айтылат кабарда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты