Суданда жүк ташуучу учак атып түшүрүлдү. Учкучтардын биринде “Манас” аэропортунун күбөлүгү болгон

Орусиянын элчилиги Суданда атып түшүрүлгөн учакта орус учкучтары болгон деген божомолун билдирди. Элчиликтин маалыматы Судан аскери менен согушуп жаткан Тез жооп аракети күчтөрү тобунун маалыматына таянып айтылган.  

Орусиялыктар экипаждын курамында болушу мүмкүн экени айтылды.

Өлкөдөгү согуш абалына байкоо жүргүзгөн Sudanwarmonitor долбоору учак жүктү Тез жооп аракети күчтөрү тобуна жеткирип тургандыгын билдирди. Аны жаңылып атып түшүрүп алышканы дагы болжолдонууда. Атып түшүрүлгөн учак ИЛ 76 болушу ыктымал.

Социалдык тармактарда учактын сыныктары тартылган видео тасма жарыяланды. Андагы учкучтардын документтерин дагы көрсөтүштү. Андагы учкучтардын документтеринин биринде “Манас” эл аралык аэропорту” деген жазуусу бар экени белгиленди.

“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы аталган «Манас» аэропортунун документи Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын башкы инженери Виктор Грановго таандык экенин жана ал “Манас” аэропортунда иштебей турганын, өзүнүн компаниясы аркылуу кызматташып келгенин билдирди.  

Орусиялык жана эл аралык ЖМК Суданда “Вагнер» жеке аскер компаниясынын жалданма аскерлери бар экенин жазып келишкен.

2023-жылы Суданда аскерлер менен Тез аракет күчтөрүнүн ортосунда жарандык согуш башталган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты