«Суданда атып түшүрүлгөн учактагы документ ээси “Манастын” кызматкери эмес». Аэропорттун жообу

  • 1 день мурун

Суданда атып түшүрүлгөн учакта табылган “Манас” эл аралык аэропорту берген документ Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго таандык болгон. Ал — Орусиянын жараны жана “Манас” аэропортунун кызматкери эмес.

Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунун билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Суданда кулаган учакта табылган документ (тархетка) «Манас» эл аралык аэропортунун кызматкерине эмес, Airline Transport Incorporation» FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго таандык болгон. Ал Орусиянын жараны жана 2024-жылы май айында АН-12 учагын “Манас” аэропортунан “Ош” аэропортуна жеткирүү үчүн чакырылган учкуч болгон, бирок ал учакты айдап барган эмес, себеби анын колу бошогон эмес. Тархетка ага май айында пландалган бортту айдап баруу үчүн берилген. Андай тархетканы “Манас” аэропорту өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, келишимдин негизинде аэропорт менен кызматташкан учкучтардын баарына жумушчу милдеттерин аткаруучу үчүн берилет. Атып түшүрүлгөн, борт номери  «EX 76 011» учагы “Рим стайл” Эмират компаниясына таандык болгон. Андан кийин 2024-жылы ал учак New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясын сатылып кеткен, Оштогу «Airline Transport Incorporation» FZC  компаниясына тиешеси жок. «New Way Cargo Airlines» компаниясы Кыргызстанда катталган, анын жүк ташуу сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу” деп билдирди «Манас» эл аралык аэропорту.  

Орусиянын элчилиги Суданда атып түшүрүлгөн учакта орус учкучтары болгон деген божомолун билдирди.

2023-жылы Суданда аскерлер менен Тез аракет күчтөрүнүн ортосунда жарандык согуш башталган.

Сүрөттө: Суданда атып түшүрүлгөн учак. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты