“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Фотодолбоор:  “Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы”

Кыргызстандагы ар бир онунчу мектеп авариялык абалда. Жарым кылым мурда курулган мындай мектептерде балдар менен мугалимдердин өмүрүнө күн сайын коркунуч жаралат. Биз бул жолу “Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы” аттуу фотодолбоордо авариялык мектепти жаңылатуу үчүн алты жыл күрөшкөн мугалим Самара Турузбекованын бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.

“Коңгуроо менен башталган күн”

Нарын шаарынан 15-20 чакырым алыста жайгашкан Кеңеш айылы таңга жук жандана баштайт. Мектепке жөнөгөн окуучулар жана бирин-серин өткөн автоунаалар айыл тынчтыгын бузуп, кадимки тиричилик башталат.

Бул убакта айылдагы Казаалы Абиров атындагы орто мектептин директору Самара Турузбекова да жумушуна жөнөйт.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Самара Турузбекованын үйүнөн жумушуна чейин 15 мүнөттүк жол. Кар баскан бул жолдон ал жөө басып келет. Келээри менен жумушуна киришип, алгач мектептеги болгон маселелерди карап чыгат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

“Контейнер жана клубду мектеп кылган мугалимдер”

Алыстан кичинекей кутучаны элестеткен саргыч клуб — азыр Кеңеш айылынын мектеби. Буга чейин мугалимдер контейнерлерде балдарды окутуп келишкен. Анткени жарым кылым мурда ашар жолу менен курулган мектеп таптакыр жарабай калгандыктан жаңысы курула баштаган. Бирок ага жетүү да оңой болгон эмес.

Сырттан көрүнүп тургандай, клубдун ичи чоң эмес. 3-4 бөлмөсү балдарды окутууга ылайыкташтырылып, пайдаланууга берилген. 20дай окуучу окуган бир класста парта жетишпей, үчтөн отурган учурлар да болот.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Ал эми мугалимдер үчүн азырынча атайын бөлмө жок. Алар эки адам жүрүүгө ылайыкташтырылып курулган клубдун кичинекей залында отурушат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Кызыгы, мектептин босогосун жаңы аттаган башталгыч класстын окуучулары үчүн класс жетишпегендиктен жаш мугалим Айпери аларды өзүнүн үйүнө алып барып окутат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Айперинин үй-бүлөсү мектептин абалын жакшы билишкендиктен, балдардын үйгө келип окуусуна каршы болушкан эмес. Тескерисинче, балдар келгиче отту белендеп жагып, үйдү болушунча ысытып турууга аракет кылышат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Дал ушундай шартта, Кеңеш айылынын мугалимдери азыркы күнгө чейин иштеп келишет.

“Келгенде мектепти көрүп, коркком…”

Самара Турузбекова 12 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Университетти “Кыргыз тили жана адабияты” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган соң, бир канча жыл Токмоктогу айылдардын биринде иштеген. Андан кийин 2013-жылы Кеңеш айылына көчүп келип, эмгек жолун ушул айылдан улай баштаган.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

“Мен келгенде мурдагы мектеп директору ардактуу эс алууга чыгып жатыптыр. Ошого байланыштуу ордуна директор болдум. Чынында мектепти көрүп алып, коркком. Анткени мектеп бир жагына кулап баратканда, аны арматурага байлап коюшуптур. Мектептин меши болсо бир класстын ичинде экен. От жаккан сайын ис чыгып, дубалдын бир бети капкара болуп калыптьр. Анан, “Мектеп авариялык абалда” деген токтом барбы” деп сурасам жок экен.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Баары “Окуса болот” деген бүтүм чыгара беришиптир. Ушуларды көргөндөн кийин, “Жок мындай болбойт, бизге жаңы мектеп керек” деп чуркай баштадым. Чынында жаңы мектепке жетүү оңой болгон жок…”

Азыркы учурда мурдагы ашар жолу менен курулган мектептин ордуна жаңы мектеп салынып жатат. Толук бүтө элек болгондуктан, декабрь айынын башына чейин клубда окуу уланат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Самара Турузбекованын айтымында, эски мектептин абалын бийликтегилерге жеткирүү үчүн борбордо какпаган эшиги калган эмес.

“Чынында, Бишкекке тынбай каттап жүрдүм. Жогорку Кеңештин сессиясында биздин мектептин көйгөйү айтылсын деп депутаттарга чейин кирип чыктым. Кээ бирлери баш ийкеп коюп жок болуп кетсе, кээ бирлери айтып чыгышты. Бирок, мындай мектепте балдар таптакыр окубашы керек болчу да…”

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

“Эжей, жаңы мектепте качан окуйбуз?”

Сабак учуру. Самара Турузбекова 6-класстын окуучуларына кыргыз тили сабагын өтүп жатат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Мугалимдин “Балдар силер үйүңөрдө эмне иш кылып ата-энеңерге жардам бересиңер?” берген суроосуна ар кимиси туш тараптан жооп берип жатышты. Бири “Уйларды айдайм, бөбөгүмдү карайм” десе, дагы бирөө “Көң чыгарып, атама жардам берем” деп чурулдашат.

Класстын ичи тар болгонуна карабай, окуучулардын күлкүсү менен сабакка болгон ынтаасы бардык көйгөйлөрдү унуттуруп койгон сыяктуу.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Самара Турузбекованын айтымында, мектептеги балдардын баары “Эже, качан жаңы мектепте окуп баштайбыз?” деп сурап турушат.

“Азыр биздин мектепте 170 окуучу окуйт. Жаңы мектеп курула баштагандан бери, баарыбыздын оюбуз ошол жакта. Бизге койсо азыр эле кирип кетмекпиз (күлүп). Өзгөчө балдар, сурагандан тажашпайт. Мен да чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Кантсе да — биздин алты жылдык мээнетибиздин акыбети да. Бирок, ушундай мектепте окуганыбызга карабай окуучуларыбыз  ийгиликтерди жаратып, олимпиададан “Манас таануу” боюнча жарыштан байгелүү орундарды алып жатышат. Бул — биздин жалпы мугалимдердин эмгеги.”

Бул убакта мектептин сырты да жанданат. Тыныгууга чыккан балдар ойношуп, чыныгы балалыктын үнү угулуп турган сыяктуу.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)
“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)
“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Ал эми кенже класстын окуучулары тамакка киришет.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)
“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Мектепти айланып ойноп жүргөн мотурайган балдарды көрүп, бир чети клубда окуп жаткандарына ичиң ачышса, экинчи жагынан билим берүү системасына болгон кайдыгерликке капа болосуң.

“Заңгыраган ресторандардын ордуна мектеп курсак  өнүгөбүз”

Самара Турузбекова жаш, бирок тажрыйбасы бар педагог. Ал Кыргызстандын келечеги жаштардыкы болгондуктан, билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтат.

“Кыргызстандын өнүгүшүнө ишенимим чоң. Ал үчүн жаштарга жана билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керек. Заңгыраган тойканалардын ордуна мектептерди куруп, билим берүүнү жакшыртсак келечекте баары жакшы болот деп ойлойм.”

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Самара Турузбекова бир жыл мурда катуу талкууга алынган “контейнер мектеп” учурунда көп нерсени үйрөнгөнүн айтат.

“Биз балдарды бир чейрек контейнер мектепте окуттук. Ошол убакта, “Мектеби контейнер болуп калгыча директор эмне кылып жүрдү?”, “Акчаны жеп койсо керек” деген билдирүүлөрдү окуп, жаман болдум. Бирок, биз дайыма балдар үчүн, алардын келечеги үчүн күрөшө беребиз”, — дейт ал.

“Үйгө жол”

Мектептеги сабактарын бүтүп, Самара Турузбекова үйүнө жол тартат.

Жолду катар ар түрдүү үйлөрдү көрсөтүп, өздөрү үй салганга чейин ушул жерлерде жашаганын айтып берди.

“Мектепке чуркап жүрүп, өзүмүн үй-бүлөмө үй салуу керек экенин көп ойлонбоптурбуз. Айылдагы кароосуз калган, начарыраак үйлөрдү алып актап, сырдап жашап жүрдүк. Эч кимден, корунган, уялган жокмун.”

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Аңгыча тоо боорундагы кичинекей үйгө жакындай келдик. Самара Турузбекова “Кыргызстанда өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегендер мендей жашайт” дейт кичинекей үйүн көрсөтүп.

Биздин каарманыбыздын эки уулу бар. Жолдошу балдарга каралашып, Самара айымга колдоо көрсөтүп турат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Ал эми Самара Турузбекова үйүнө келгенден кийин, балдарына тамак жасап, үйүн жыйнап тиричиликке аралашат.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)
“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Элеттеги мугалимдин сабырдуулугу жана өжөрлүгү таң калтырбай койбойт.

“Жарака кеткен мектепти жаңылоо үчүн алты жыл күрөшкөн Самара Турузбекова” Элеттеги мугалимдин бир күнү (Фоторепортаж)

Самара Турузбекованын кубанычы — балдардын коопсуз билим алуусу үчүн жаңы мектеп курдурууга жетишкени.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты