Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)

  • 2 года мурун

“Укуктук маданият деген эмне? Укуктук маданиятты кыргызстандыктар кандай түшүнөт? Учурда жарандардын укуктук маданияты кандай деңгээлде? Деги эле укуктук маданияты кантип көтөрүү керек?” деген суроолор көп берилгени менен көпчүлүк учурда жоопсуз калат. Мындан улам “ПолитКлиника” медиасы укуктук маданияттын айланасындагы суроолорго атайын адистен, серепчилерден жана карапайым элден жооп издеди.

Эң алгач эле жөнөкөй жарандардан сурамжылоо жүргүздүк. Анда респондеттерге “Укуктук маданият деген эмне?”, “Аны кандай түшүнөсүз?” деген суроолорду бердик.

Сурамжылоо көргөзгөндөй, көпчүлүк жарандар укуктук маданият эмне экенин билишпейт. Туура эмес түшүнүктө. Кээ бири каада-салт десе, кээ бири маданият, жүрүм турум эрежелери деп кабыл алышат. 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков “Укуктук маданият деген эмне?” деген суроого жооп берип жатып кыргызстандыктардын укуктук маданияты “орто деңгээлде” деген баа берди: 

Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)

Билимдин жалпы деңгээли жана коомдун укукка карата объективдүү мамилеси — бул укуктук маданият деп аталат. Башкача айтканда эрежелерди, ченемдерди аткаруу дегендик.

Ошол эле учурда укуктук маданият, милдеттик маданият дегенди да түшүндүрөт. Себеби укук менен милдет жанажан жүрбөсө социалдык теңдик бузулат.

Мисалы: окуучу баланы мектепке барып билим алуу анын укугу болсо, мектепте берилген тапшырмаларды аткаруу, жүрүм-турум эрежелерин сактоо анын милдети деп түшүнсөк болот.Кыргызстандын укуктук маданияты орто денгээлле деп баа берүүгө болот. Баары эле укугун билет, өзүн коргой алат дегенден алыспыз. Анткени министрликке кайрылып аткан жарандардын саны көп. Укуктук маданият аймакка, жашоо шартка деле көз каранды эмес экен. Шаарда туруп деле, маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бар туруп деле үй, жер сатып алууда мыйзамсыз, эч кандай документтери жок турак жайларды сатып алып жатышат.

Жарандар арасындагы сурамжылоодо укуктук маданиятты “Маданиятка болгон элдин укугу, каада-салтка болгон укук” деп кабыл алгандар көп экенин байкадык. Эмне үчүн көбү укуктук маданият деген түшүнүктү билбей жатат? деген суроо менен ар тармактын адистерине кайрылып көрдүк. Далилдүү медицина жаатындагы адис Бермет Барктабасова карапайым калкта негизи эле мыйзамга ишенүү төмөн деп ойлойт: 

Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)Жарандар укугун билсе, укуктук нормаларды, мыйзамдарды бузбоого аракет кылат. Коом мыйзамды сыйлаганды үйрөнөт. Ошондой эле коомдук көзөмөл түзүлүп, мамлекетке жөнөкөй жарандар жардам бергенди үйрөнөт. Өкмөт элдин укуктук маданиятын көтөрүү тууралуу идеяларды жана түшүнүктөрдү инвестициялашы керек. Себеби азыр көпчүлүгү укугун билбейт, деги эле  мыйзамдын иштешине элдин ишеними аз. Эгерде кимдир бирөө мыйзам бузуп, бирөөнун  укугун тепселесе, ал жөнүндө айтып эле койбостон, эмнеге андай кадамга барбоо керектигин да жеткирүү манилүү. 

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында мыйзамдарды жөнөкөй жарандар эле эмес, Конституцияны жатка билген, жада калса эл аралык укуктук нормаларды билгендер дагы бузган учурлар болот:

Юрист, көп жылдык тажрыйбасы бар, укук коргоо органдарында, сот органдарында иштеген кызматкерлер өзүлөрү далай мыйзамдарды бузуп жатышат. Бирок мыйзамдарды билген адамды идеалдуу карап, “бул укуктун баарын билет, эч кандай укук бузбайт, укуктук маданияты жогору” дегенден да алыс болушубуз керек. Демек эл аралык укуктарды, Кыргызстандын баш мыйзамын укмуш билген жаран деле адамдык сапаты төмөн болуп, өзүнүн милдеттерин билбесе, мындай адамдар эки эсе коомго зыян алып келет. Ошон үчүн укуктук тарбия менен биргелекте нарктык, милдеттик тарбия бирдей түшүнүктө жүрүүсү зарыл.

Саясат талдоочу Эмил Жураев укуктук маданияты бийик адам болуш үчүн мыйзамды жаттабай, анын түпкү маңызын түшүнүү керек экенин билдирди: 

Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)

Укуктук маданияты бийик адам албетте, биринчи кезекте укукту түшүнүүсү керек. Укук деген эмне? Укуктун негизинде, түпкүрүндө жаткан түшүнүк бул —  жалпыга бирдей болгон эреже.  Ошону укуктук маданияты бийик адам түшүнүүсү керек. Жана ошол түшүнүктүн негизинде жашоого умтулуусу керек.

Ал эми экономика жаатындагы эксперт Кубан Чороев Мамлекеттеги мыйзамдарды оор милдет катары тааныбастан аны күнүмдүк эреже, салт  катары позитивдүү таануу керек экенин айтат. Ошондо гана укуктук маданияттын деңгээлин көтөрүүгө болот деген пикирде: 

Мамлекеттеги мыйзамдарды оор милдет катары тааныбастан аны күнүмдүк эреже жана бардыгыбыз карманып жүрө тургандай салт катары таануу керек. Укуктук маданият жеке адам үчүн дагы, коом үчүн дагы өзүнчө мааниге ээ. Андыктан мыйзамдарды позитивдүү кабыл алып, аны чын дилинен сактаган, башкалардын укугун сыйлаган адамды укуктук маданияты бийик деп айтууга болот.

Кантип укуктук маданияты бийик мамлекет курууга болот?

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков укуктук маданият үй-бүлөдөгү тарбиядан калыптанат деген пикирде:

Укуктук маданият биринчи кезекте үй-бүлөдөн анан мектептен башталышы керек. Укук жөнүндө сабак өтүп эле койбостон, аны иш жүзүндө көрсөтүү зарыл.  Албетте мында мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилиги дагы бар. Укуктук иш чараларды өткөрүп, элдин укуктук билим деңгээлин көтөрүү керек. Өзүлөрү да үлгү болуусу шарт.

Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)Аналитик, конфликтолог, Жыргалбек Касаболотов да укуктук маданияты бийик коом, мамлекет куруу үчүн биринчи иретте бийлик башындагылар, бийликке умтулгандар үлгү көрсөтүшү зарыл деп эсептейт: Эл мамлекеттик кызматкерлерден үлгүнү көрмөйүнчө укуктук маданияттын талаптарын сактоого өзүн милдеттүү деп эч качан эсептебейт. Бизде эгемен мамлекет болгондон бери эле укуктук маданияттын үлгүсүн туруктуу көрсөткөн тажрыйба калыптана элек. Экинчиден мыйзамдын жазалоочу жагы байлыгына, кызматына жана таасирине карабай тегиз иштеши керек. Жаза менен коштолбогон мыйзамдын күчү болбойт. Андай мыйзамдарга карата укук маданият калыптанбайт.

Кыргызстанда укуктук маданияттын деңгээли кандай? (Лонгрид)
Материал КР Юстиция министрлигинин демилгеси менен,   БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин «Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү» долбоорунун алкагында даярдалды. 
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты