STEM сабактары боюнча окуу китептери кийинки жылы чыга баштайт

  • 4 месяца мурун

STEM сабактары  ( табигый илимдер, технология, математика-ред. ) боюнча китептер жаңы стандарттарга ылайык кыргыз тилинде даярдалып, дүйнөлүк эң алдынкы өлкөдөн алынып жатканына байланыштуу, кийинки жылы чыга баштайт.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева депутат Чынберди Төлөновдун китептердин жетишсиздиги тууралуу берген суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Министрдин айтуусунда, Кыргыз билим берүү системасы ар бир кыргызстандык балага жеткиликтүү болсун үчүн STEM сабактары боюнча 32 китепти алып, азыркы учурда тездик менен кыргыз билим берүүсүнө ылайык сынак жүргүзүп жатат.

Ошондой эле, быйыл 152 миллион сомго жаңы китептер чыгып жаткандыгын билдирди.

Сүрөттө: Министр Кендирбаева парламентте. 26-июнь 2024-жыл. Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты