“Старый Толчок”– “Евразия” базары мамлекетке кайтарылды  

“Старый Толчок”–“Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

«Шар-Чебер» жеке кооперативи Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба  министрлигинин айрым кызматкерлери менен бирдикте болгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана жалпы аянты 3000 чарчы метрден дан ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты