Стамбулдан Самаркандга бараткан учак Түркияда чукул конууга мажбур болду

  • 3 недели мурун

Стамбул-Самарканд багытында учкан Qanot Sharq жеке авиакомпаниясынын Airbus A-320-214 учагы 26-август күнү кечинде Түркиянын Амасия аймагындагы Мерзифон аэропортуна техникалык себептерден улам конууга аргасыз болгон.

Бул тууралуу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Түрк басылмаларынын маалыматына караганда, бортунда 152 кишиси бар учак кабинадагы басымдын азайышынан улам авариялык конууга мажбур болгон. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, окуя учурунда жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү жабыркаган эмес.

Жеке авиакомпаниянын өкүлдөрү Түркияга жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн башка учак жөнөтүлгөнүн билдиришти. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча, Мерзифондо калган жүргүнчүлөр 27-августта эртең менен Самаркандга жеткирилген.

Кошумчалай кетсек, авиакомпания 27-августта Самарканд-Санкт-Петербург, Наманган-Санкт-Петербург жана Санкт-Петербург-Самарканд багытындагы төрт рейс токтотулганын билдирди.

Жүргүнчүлөр билеттеринин акысын кайтарып алышат. Компенсация катары аларга Qanot Sharq каттамында ушул багыттарга бир жолу бекер авиабилет берилет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты