Өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган милиция кызматкерине кылмыш иши козголду

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөн акча талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу башкы прокуратура билдирди.

6-июлда милициянын күзөт кызматкери өзүнүн кызматтык укуктарынын чегинен чыгып,электрондук тамеки чегип отурган С.Ю. аттуу өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартуу жолу менен коркутуп, андан акча талап кылып, банкоматтан акча чыгартып алган. Моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен жашы жете элек С.Ю. окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, «геморрагиялык инсульт» диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Ал эми, милиция кызматкери өзүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу максатында, оор абалда жаткан өспүрүм баланы окуя болгон жерге калтырып, изин жашырып качып кеткен.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерине кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси (коркунучта калтыруу) белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөсү  Октябрь райондук ИИБ тергөө кызматына тапшырылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү катары милиция кызматкери С.Б.Б. кармалып, Бишкек шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты