Өспүрүмдү инсульт абалына жеткирген милиция кызматкери камакка алынды     

  • 3 месяца мурун

ИИМдин ички иликтөө кызматы жана Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө иши тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, адамды кооптуу абалда калтырган милиция кызматкери камакка алынды.

Маалым болгондой, 5-июлда өспүрүм балдарга формачан адам кайрылып, коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандыгы үчүн айып пул төлөтүү менен коркутуп, 1000 сом алган. Өспүрүмдөрдүн бири күтүлбөгөн жерден өзүн жаман сезе баштаганда, тийиштүү жардам берген эмес.  

Ал өспүрүм 5-июль күнү геморрагиялык инсульт диагнозу менен ооруканага түшкөндөн кийин гана окуя белгилүү болгон.

16 жаштагы жаран Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине “Тез жардам” менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери ыкчам иш-чараларды өткөрүп, ал формачан адам 2002-жылы туулган С.Б., Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталган.

Топтолгон материалдардын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 144-беренеси (кооптуу абалда калтыруу) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда шектүү жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты