Соттор кеңеши Жогорку соттун төрагалыгына Медербек Сатыевди сунуштады

  • 22 часа мурун

Бүгүн, 22-октябрда Соттор кеңешинин жыйынында  Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды жана бир добуштан колдоого алынды.

Бул тууралуу Соттор кеңеши билдирди.

Соттор кеңешинин мүчөлөрү Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, президент соттор кеңешинин сунушу боюнча, Жогорку Кеңештин макулдугу менен Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасын дайындайт.

Ал эми Конституциянын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык жана Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Замирбек Базарбеков Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Сүрөттө: Медербек Сатыев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты