Сотто Турсунбай Бакир уулу журналист Лейла Саралаевадан утулуп калды

  • 1 неделя мурун

Депутаттыкка талапкер болгон, экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу сотто журналист Лейла Саралаевадан утулуп калды.

Бул тууралуу Саралаева Фейсбук баракчасына жазды.

“Адилеттик жеңди. Турсунбай Бакир уулунун эл алдында кечирим суроосун жана жазганын төгүндөөсүн күтөм. Моралдык компенсация боюнча дагы доо арыз берем” деп жазды журналист.   

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Турсунбай Бакир уулу 2023-жылдын 12-августунда  Лейла Саралаеваны мурдагы президенттин көңүлдөшү деп жазган. Анын бул айткандарын кемсинтүү катары баалап, журналист доо арыз берген.    

Журналист доо арыздын моралдык чыгымын 1,5 млн сом деп белгилеген.

Сот Турсунбай Бакир уулунун социалдык тармакта тараткан маалыматтары чындыкка дал келбейт деп тапкан жана аны өчүрүүнү талап кылган.

Бирок сот Бакир уулун моралдык чыгым төлөтүп берүүдөн баш тарткан, анын себеби БШК Бакир уулун үгүт эрежелерин бузду деп, 12,5 миң төлөп берүүгө милдеттендирилген. Бирок экс-акыйкатчы аны да төлөй электиги айтылды.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты