Сот Жоомарт Карабаевди камакка алуу чечимин чыгарды

  • 3 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, активист Жоомарт Карабаевди 19-августка чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Жоомарт Карабаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылгандыгы маалым болгон. Ал 48 саатка камакка алынган.

Буга чейин ал атайын мекеменин ишмердүүлүгү менен макул эместигин билдирип, бир катар иштер боюнча экспертизага катышуудан баш тарткан.

Карабаев Илимдер академиясы атайын кызматтын айтканы менен экспертиза берип жүргөнүн айтып келген. Бул тууралуу ал Олжобай Шакирдин сот процессинде да айткан.

Жоомарт Карабаевдин адвокаты аны кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айыптаганын билдирген. Адвокат аталган берене боюнча кылмышка шектенүүгө негиз жок деп эсептейт.  

Сүрөттө: Жоомарт Карабаев. Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты