Сот «Социал-демократтар» партиясынын жетекчисин, мүчөсүн жана тарапташын 2 айга камады

  • 4 дня мурун

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматка ылайык, үчөө 13-январга чейин Бишкектин №1 тергөө абагында камалат. Султанбеков сотто аларга коюлган айыптарды четке каккан.

Эске салсак, кечээ 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Сүрөт: Азаттык

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты