Сот Райымбек Матраимовду 26-августка чейин камакта калтырды

  • 2 месяца мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-июнда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 26-августка чейин узартты.

Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.  

Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу камак жайында болот.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

 Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты