“Сосновка” постунда оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди
- 6 дней мурун
Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта унаа жолдун абалы жакшырган учурда чектөө алынары белгиленди.
Бул чара кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында болууда.
Муну бөлүшүү