Сокулуктагы «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

  • 5 дней мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан мурда «Аю» холдингинин түзүмдүк бөлүмүнүн балансында турган, жалпы аянты 2223,45 чарчы метр, базар баасы 267 млн. 639 миң болгон «Аю» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматында белгиленгендей, комплекстин ордунда мурда бассейн болгон, ал кийинчерээк 2010-жылы ден соолукту чыңдоо борбору катары реконструкцияланган.

«Аю» холдингдин уюштуруучулары менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында аталган объект ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген өнөр жай жана социалдык объектилерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатканы айтылды.

Сокулуктагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды
Сокулуктагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды
Сокулуктагы "Аю" дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты