Сокулукта булгаары заводу жана бут кийим фабрикасы курулары айтылды

  • 4 дня мурун

Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагында бодо малдын терисин кайра иштетүүчү завод менен бут кийим фабрикасы курулат. Мамлекет башчылары аталган аймакка барып, завод менен фабрика куруу маселесин талкуулап, жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу  Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жыйында завод, фабрика жайгаштырылуучу жер аныкталган. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жерди трансформация кылуу, сууну, электр энергиясын киргизүү, саркынды сууларды чыпкалап тазалоочу курулмаларды куруу, жол салуу боюнча тапшырмалар берилген.

Завод, фабрика үчүн бөлүнгөн жер тилкесинин аянты 20 гектарды түзөрү айтылды.

«Жаңы курула турган булгаары завод күнүнө 15 тонна, жылына 4,000 тонна терини кайра иштетүүгө, ал эми бут кийим фабрикасы күнүнө 1,000 жуп бут кийим чыгарууга жөндөмдүү болуп, 130 жумуш орунун камсыз кылат»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты