Сокулук районундагы жол кырсыгы боюнча шектүүлөр кармалды

  • 1 день мурун

16-октябрда Сокулукта “Ала-Арча” ресторанынын жанындагы көчөдөн балдар мушташып, кубалашып баратканда, 2001-жылы туулган К.М. аттуу жаран өзүнүн унаасы менен өтүп баратып сүзүп кеткен. Аталган факт Сокулук райондук иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери башталды.  

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, мушташка шектүүлөр 1996-жылы туулган Б.К. жана 1999-жылы туулган И.Б. аттуу жарандар жаракат алып, Сокулук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде (бейбаштык) кылмыш иши козголду. 

Ошондой эле мушташ боюнча 1996-жылы туулган Ч.Д. атуу жаран кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  1999-жылы туулган И.Б. оорукананда кайтарууга алынды.

Бул ишке үчүнчү шектүү жаранга издөө салынып, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жаткандыгы белгиленди.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты