Сокулук районундагы «Эдельвейс» балдар эс алуу лагери мамлекеттин менчигине кайтарылды

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районунун Төш-Булак айылында жайгашкан, жалпы аянты 5,20 га жана аянты 493,8 чарчы метр ар кандай курулуштары бар «Эдельвейс» балдар ден соолукту чыңдоо лагери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, 2004-жылы аталган лагерди жеке жактар менчиктештирип, бир нече жолу ар кандай адамдарга кайра сатканы аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында ден соолукту чыңдоочу балдар лагери ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди, мында объекттин баалоо наркы 320 млн.651 миң сомду түздү.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты