Сокулук районунда суу мунарасы мамлекетке кайтарылды

  • 4 недели мурун

Сокулук районунда жалпы аянты базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы суу мунарасын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныктады.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында, 1998-жылы «Ш.Д.К.» аттуу жеке адам тарабынан объекти мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен 2443,75 м2 жер тилкесинде жайгашкан, 14,1 м2 пайдалуу аянты базар баасы 30 млн 405 миң 970 сомду түзгөн суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылган.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты