Соцтармактардагы жазгандары менен бийликти басып алууга чакырык жасоого шектелүүдө  

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 15-июлда кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси («Бийликти басып алууга чакырык жасоо») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарын шаарынын У.М. аттуу тургуну кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.   

Маалыматта айтылгандай, ал узак убакыт бою социалдык тармактарда чагымчыл жана деструктивдүү мүнөздөгү материалдарды (посттор, комментарийлер, шилтемелер ж.б.) жарыялаган.

Соттук-лингвистикалык жана соттук-саясий экспертизалардын жыйынтыктарына ылайык, М.У тарабынан жарыяланган материалдарда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктын белгилери бар экендиги аныкталган.

М.У. 2021-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын биринин активдүү мүчөсү болуп, аталган партиядан талапкерлигин койгон, бирок тиешелүү добуштарды ала алган эмес

Кармалган жаран Нарын шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты