Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

17-ноябрь күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди ратификациялады. Андан көп өтпөй социалдык түйүндөрдө Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычын берүү менен утушта калганын жазган көптөгөн посттор чыга баштады. Bulak.kg аталган постторду анализдеп чыкты.

Бөрүбек аттуу Twitter колдонуучусу президенттин маалымат кызматы реалдуу адамдардын аккаунттарын сатып алып, атын жана башкы сүрөтүн алмаштырган соң Өзбекстан менен болгон чек ара маселесинде Кыргызстан утушта калганын жазып жатат деген маалымат жайгаштырды.

“Фейсбуктагы менин досторумдун бири өзүнүн аккаунттарын сатып жиберди”, – деп жазды.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Bulak.kg ушул өңдүү постторду чогултуп, анализдеп, “ийгиликтүү келишим” деген пикирди таратууга Кыргызстандын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) кызматкерлери катышып жатканын аныктады.

Usb MB деген ким?

Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Usb MB деген колдонуучу өтө активдүү жазган. Анын баракчасында акыркы эки күн ичинде ушул темада ондогон публикациялар пайда болгон.

17-ноябрда ал Кыргызстандын аймагы канчалык кеңейгенин, эки өлкө кайсы жерлерди алмашканын жана Кыргызстан бул маселеде кандай пайда тапканын чагылдырган постту жайгаштырган.

Ал публикациянын алдында суу сактагычтын фонунда турган эки өлкөнүн президенттеринин сүрөттөрү коюлуп, текст жазылган.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Бир караганда бул баракча фейк аккаунттай көрүнүшү мүмкүн: аты жок, сүрөттөрү коюлган эмес, уникалдуу посттор да аз. Колдонуучу көбүнчө башкалардын публикацияларын бөлүшөт.

Бирок, чындыгында ал реалдуу адамдын аккаунту, болгондо да КТРК кызматкери экени белгилүү болду.

2020-жылдын мартында ал төмөнкүдөй пост жазган: «Эгер карантин маалында салмак кошпосом, демек эч качан салмак кошпойм. Тагдырга баш ийүү керек. Күндүн башкы темасы…» 

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Мындан улам ал колдонуучу арыгынан келген, ашык салмагы жок адам экенин байкоого болот.

Ал эми бул жерде колдонуучулардын бири аны белгилеп койгонун көрүүдөбүз. Фейсбуктагы мурдагы аты Usubaly Mambo болгон.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Дагы башка постто ага атынан кайрылышкан – чынында колдонуучунун ысымы Усубалы экенине ынанабыз.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Usb MB деген колдонуучунун толук аты-жөнү – Усубалы Мамбетов. Биз анын Twitter аккаунтун таап, чындыгында дене түзүлүшү арыгынан келген адам экенин биле алдык.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Анын Twitter’деги сүрөтү футбол талаасында тартылган.

Ал эми Usb MBнын Фейсбуктагы бул посту – КТРК Спорт телеканалында көрсөтүлө турган оюндун пресс-анонсу.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Ал эми “Замана КТРК” Ютуб-каналында Усубалы Мамбетовдун интервьюсу бар, тасмада аны Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкери катары тааныштырат.

Чынында эле, КТРКнын сайтында биздин каармандын аты жазылган көптөгөн макалалар бар. Ага чейин ал “Биринчи радиодо” иштеген.

“Мадумаров уят болду”

Азиз Чокморов – КТРКнын дагы бир кызматкери. Ал дагы Кемпир-Абад суу сактагычынын берилиши пайда алып келгени тууралуу маалымат менен бөлүшүүдө.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Анын баракчасында бизге тааныш болуп калган Usb MBнын узун постунун видеоверсиясын көрүүгө болот. Ал материалга Усубалы Мамбетов жактыны баскан. Видеоматериалдын сырткы сүрөтүндө азыркы бийликтин оппоненттерин ачык сындоо маанидеги сөзү да бар.  

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Белгилей кетсек, аталган видеотасма ALMA MEDIA деген Ютуб-каналда жайгаштырылган. Материал дээрлик толугу менен “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү видеолордон куралып, авторлугу көрсөтүлгөн эмес.

Кемпир-Абад жөнүндөгү дагы бир публикацияда Азиз Чокморов президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековду белгилеп, фейсбуктагы түрдүү тайпаларга бөлүшүп койгон.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Usb MBныкындай көрүнүштөгү дагы бир публикация – суу сактагычтын фонундагы өлкө башчынын сүрөтү, сүрөткө тиешелүү текст жана узун пост.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Кемпир-Абаддын берилиши боюнча сүйүнчү

Дал ушундай эле кооздолгон текстти өз баракчасына Элнура Нурдин кызы да жайгаштырган.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Өзүңүздөр байкагандай эле ал дагы мамлекеттик телеканалда иштейт.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Анын баракчасында да бийликтин ийгиликтүү макулдашуусунун деталдуу түшүндүрмөсү чагылдырылган видео пайда болгон. Usb MB ал колдонуучуну өз публикациясында белгилеп койгон.

Ошондой эле, президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаевди да белгилешкен.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Чиновникти ушул сыяктуу посттордо бир нече жолу белгилегенин көрүүгө болот:

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

“Кыргызстан утту!”

Тааныш риторика жана аны коштогон сүрөт КТРКнын дагы бир кызматкери – Бермет Камбарбекованын баракчасында да бар.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Бул пост ошол эле Usb MB жана КТРКнын башка кызматкерлерине жаккан. Маалыматты түрдүү тайпаларда биз таанып калган колдонуучулар бөлүшүүдө.

Эмне үчүн 5-каналдын журналисти КТРКнын публикацияларын бөлүшүп жатат?

Сөзмө-сөз көчүрүлүп алынган текстти Алтынай Сарыбаева деген колдонуучу да жайгаштырууда.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Ал башка мамлекеттик канал – “Бешинчи каналда” иштей турганын көрсөткөн, бирок баракчасында КТРКнын сюжеттерин бөлүшкөн.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Анын профилииндеги дагы бир кубанычтуу пост 17-ноябрда киргизилген:

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Бермет Камбарбековага кайтсак, баракчасындагы кыргыз тилиндеги постунун артынан орус тилиндеги посту да жарык көргөн:

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Кызыгы дал ушундай эле текстти биз фейк аккаунттан да таптык:

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Селина Турусбекова – күмөндүү колдонуучу, Facebook’та ал ушул жылдын 6-ноябрында пайда болгон. Өз публикациясында ал биз буга чейин жазган КТРКнын кызматкери Элнура Нурдин кызын белгилеп койгон.

Бул маалыматта бизге бардыгы тааныш: текст, негизги маңыз, визуализация.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Сонун акын айым

Чек ара маселеси ийгиликтүү чечилгени боюнча идеяны фейсбукчулардын ичинен активдүү жүргүзгөн Сонун Кадыр деген колдонуучуну көрүүгө болот.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Колдонуучунун баракчасындагы арткы сүрөтүндө президент турса, профилде кесиби журналист деп көрсөтүлгөн.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Анын сүрөттөрүнүн арасынан акын айым Сонунбүбү Кадырованын бир нече сүрөтүн табууга болот.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Башка аккаунтта аты-жөнү толук көрсөтүлүп, арткы сүрөтүндө Жапаров чагылдырылган. Аталган айым КТРКда иштей турганы белгиленген.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселесин чечүүдөгү ийгиликтүү макулдашууну пропагандалоодо өлкөнүн эң башкы каналынын кызматкерлери активдүү катышып жатканын тастыктаган бир нече мисалдарды төмөндө көрүүгө болот.

Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар
Соцтармакта Кемпир-Абаддын берилишине жан тарткандардын арасында КТРКнын кызматкерлери бар

Белгилей кетсек, буга чейин Bulak.kg президенттин администрациясы тарабынан жүргөн пропаганда техникасы жана манипуляция жөнүндө жазган.   

Жыйынтык: Өзбекстан менен болгон чек ара суроосунун чечилишинде Кыргызстан утушка ээ болгонун таратып, коомдук пикир жаратууда КТРК кызматкерлери катышууда. Колдонуучулар өз публикацияларында көп жолу президенттин маалымат кызматынын жетекчилерин белгилешкен.

Булак: Bulak.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты