Социалисттик интернационал уюму Темирлан Султанбековдун камалышы боюнча кыргыз бийлигине кайрылуу жасады
- 4 дня мурун
Социалисттик интернационал уюму Кыргызстандагы вице-президенти Темирлан Султанбековдун кармалышы боюнча кайрылуу жасады. Кайрылууну уюм өзүнүн расмий сайтына жарыялады.
Кайрылуусунда уюм Темирлан Султанбековду уюмдун эң жаш вице-президенти жана демократиянын ишенимдүү тарапташы деп атап, анын кармалышы боюнча тынчсыздануусун билдирген.
«Бизге Султанбеков мырза Социал-демократтар партиясынын штабында кармалганы, ага юридикалык өкүлчүлүктөн баш тартылып, алдыдагы шайлоого талапкерлигин алып салууга басым жасалганы кабарланды. Анын баш тартуусунан кийин ал кайра кармалып, Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык укуктарынан ажыратылган жана юридикалык жардам берилбестен камакка алынган — бул эркин жана адилет шайлоону жөнгө салуучу демократиялык принциптерге каршы келген аракеттер»,- деп айтылган кайрылууда.
Аталган уюм бул окуя Кыргызстандагы саясий оппозицияга жана жарандык эркиндиктерге болгон мамилеге карата алардын тынчсыдануусун күчөтүп жатканын айткан. Ошондой эле уюм Кыргызстандын бийлигин укуктук милдеттерди урматтоого жана бардык талапкерлерге адилетүү мамиле жасоого чакырган.
«Биз дүйнөлүк коомчулукту, анын ичинде Европарламентти, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун (ЕККУ) жана башкаларды Султанбеков мырзаны бошотууну жана Кыргызстандагы демократиялык укуктарды коргоону колдоого чакырабыз. Биз демократияны, адилеттүүлүктү, кыргыз элинин укугун коргогондор менен тилектешпиз»,- деген Социалисттик интернационал уюму.
Социалисттик интернационал уюму — бейөкмөт жана эл аралык саясий социал-демократиялык партиялардын биргелешкен уюму. Темирлан Султанбеков — бул уюмдун Кыргызстандагы вице-президенти.
Эске салсак, кечээ 14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-Демократ” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген. Анын Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) убактылуу кармоочу жайына камалганы белгилүү болгон.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.
Сүрөт: интернет булактары