Социалдык коргоону санариптештирүү борбору түзүлдү

  • 2 месяца мурун

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдында “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
 
Борбор социалдык төлөмдөрдү жана кызматтарды онлайн көрсөтүү, санариптик эсепке алуу жана социалдык маалыматтардын мониторинги, онлайн консультация жана колдоо, санариптик көндүмдөр жана технологиялар боюнча билим берүү программалары, социалдык программаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик аспаптар, социалдык кызматтарды көрсөтүү процесстерин санариптик автоматташтыруу сыяктуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтөрү белгиленди.  
 
Бул кызмат көрсөтүүлөр жарандарга социалдык колдоонун кыйла натыйжалуу жана жеткиликтүү болушун камсыз кылууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты