«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков менен анын атасынын кайда экендиги белгисиз болууда
- 4 дня мурун
Жактоочу Айбек Турдуев «Азаттыкка» 14-ноябрда саат 4:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар күч колдонуп, Социал — демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу унаага салып, алып кетишкенин, андан бери алардын кайда кармалып турганы белгисиз экендигин билдирген.
«Түндө саат 4:30да күчтөп алып кетишкен болсо, мына саат 10:30 болду. Кайда экенин шаардык милиция өзү билбейт. Азыр биз милициянын нөөмөт бөлүмүндө турабыз, алар дагы кайда экенин билбей жатышат»,- деген жактоочу.
Бул тууралуу Кадыр Атамбаев да Темирлан Султанбеков менен анын атасын күч колдонуп, унаага салып кетишкенин видеого тартып, аны Фейсбук баракчасына жарыялаган. Видеодон анын «Султанбековдун атасына кол салып жатышат. Султанбековго кол салып жатышат. Бул мыйзамсыздык»,- деп айтып жатканын көрүүгө болот.
Эске салсак, кечээ, 13-ноябрдын кечинде 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын штаб кеңсесине күч органдары келип, тинтүү жүргүзүшкөнү, ал жакка «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун киргизилбей жатканы айтылган. Андан кийин Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Сурактан кийин Темирлан Султанбеков журналисттерге маек берип, «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.
Сүрөт: интернет булактары