«Социал-демократтар» партиясы шайлоодон четтетилди
- 3 дня мурун
Бүгүн, 14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Аймактык шайлоо комиссиясы аталган партиянын маселесин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) арызы боюнча караган. Бишкек ШИИБ бүгүн эртең менен «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин шайлоочулардын добуштарын сатып алуу кылмыш иши менен кармалганын билдирген.
«Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Бахадыр Конуров аталган партияга буга чейин эки ирет эскертүү берилгенин билдирген»,- деп жазды «Азаттык».
Эске салсак, кечээ, 13-ноябрдын кечинде 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого аттанып жаткан «Социал-демократтар» партиясынын штаб кеңсесине күч органдары келип, тинтүү жүргүзүшкөнү, ал жакка «Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун киргизилбей жатканы айтылган. Андан кийин Темирлан Султанбековду суракка алып кетишкени белгилүү болгон. Сурактан кийин Темирлан Султанбеков журналисттерге маек берип, «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалганын билдирген.
Сүрөт: интернет булактары