Соцфонд келерки жылы пенсиянын көлөмүн 8%га көтөрүүнү пландоодо
- 2 года мурун
Социалдык фонд келерки жылы пенсиянын көлөмүн 8%га көбөйтүүнү пландоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Бактияр Алиев «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен отурумунда билдирди.
Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 40 миң жаран пенсияга каттоого турат.
«2023-жылы пенсияга жаңы чыккан жарандарды камсыздоо үчүн бюджеттен 41 млрд сом, Соцфонддон 50 млрд сом бөлүнөт. Келерки жылы пенсиянын көлөмүн 8%га көтөрүүнү пландап жатабыз. Ал үчүн 1 млрд 480 млн сом каралган», — деди ал.
Муну бөлүшүү