Сирияда качкындар лагеринде жүргөн 22 кыргызстандык Мекенине алынып келинди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-июлда, Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлеринде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги “Айкөл-6” гуманитардык миссиясы ишке ашырылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Кыргыз Республикасынын 22 жараны (8 аял киши жана 14 жашы жете элек балдар) мекенине ийгиликтүү алынып келинди.

Бул гуманитардык миссия Кыргыз Республикасынын мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине тез арада репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды жана Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн түздөн-түз колдоосу менен уюштурулду.

Аталган миссиянын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушууларды өткөрүү жана идентификациялоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Аль-Хол” лагерине зыярат кылды.

Сириядагы атайын лагерлерде кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча атайын операцияны өткөрүүдө көрсөтүлгөн ар тараптуу жардам жана бул гуманитардык процесске логистикалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн америкалык тарапка, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана башка эл аралык өнөктөштөргө кыргыз тарап өзгөчө ыраазычылык билдирет.

Сүрөттө: КР ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты