Сигэру Исиба Жапониянын премьер-министри болду

  • 5 дней мурун

Жапониянын парламенти өкмөт башчылыгына оңчул либералдык-демократиялык партиянын лидери Сигэру Исибанын талапкерлигин колдоду.

Исубунун талапкерлигин император Нарухито өкмөт башчылыкка бекиткенден кийин, ал өлкөнүн 102-премьер-министри болот.

Reuters агенттиги белгилегендей, Исиба партия башчылыгына жана премьер-министрликке төрт жолу өтпөй калган. Бешинчи жолкусунда,  The Japan News жазгандай, бул анын акыркы аракети болчу.

67 жаштагы Исиба мурда коргоо министри жана айыл чарба министри кызматтарына дайындалган.

Сигэру Исиба Фумио Кисидуну алмаштырат, партиянын каражаты боюнча чууда Кисидунун аралашканы белгилүү болуп, экинчи мөөнөткө барбай турганын билдирген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты