Си Цзиньпин Казакстанга жана Тажикстанга барат

  • 2 месяца мурун

Кытайдын лидери Си Цзиньпин 2-6-июль күндөрү Казакстанга жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Астанада Казакстандын расмий жетекчилери менен жолугушуудан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Андан соң кытай лидери Тажикстандын Душанбе шаарына барат.

Си Цзиньпин Кытай менен аймактагы өлкөлөрдүн ортосунда бир катар инфраструктуралык макулдашууларга  кол коюлган учурда Борбор Азияга бара жатат.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Иран жана Пакистан мүчө.

Уюмдун 3-4-июлда Астанада өтүүчү саммитинде экономикалык жана энергетикалык маселелер талкууланып, Орусиянын Украинадагы согушунан кийинки геосаясий жагдайларга да көңүл бурулат деп күтүлүүдө.

Адистер бул уюмда Кытай менен Орусия үстөмдүк кыларын белгилеп келишет. 2022-жылдын февраль айында Украинада кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Кытай менен Орусиянын алака-катышы тереңдеген. Орус президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийинки чет өлкөгө алгачкы сапарын Кытайдан баштаган.

Сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты