Шопоков шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке  кайтарылды

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү материалдарынын алкагында Чүй облусунун Сокулук районундагы социалдык инфраструктуралык объектини мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1998-жылы Шопоков шаарында жайгашкан бала бакча («Ата ЛТД» ЖЧКсына таандык) жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталды.

Учурда бала бакчанын жалпы аянты 0,70 гектар жана пайдалуу аянты 372,1 чарчы метр мамлекеттин балансына кайтарылды, анын баасы 35 миллион сомго жакын.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты