ШКУ өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында бир катар документтер кабыл алынды

  • 6 часов мурун

Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Кеңешинин Исламабад шаарында өткөн 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кабыл алынган документтердин ичинде Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар Кеңешинин 23-жыйынынын жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике, Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгынын отчету боюнча, Шанхай кызматташтык уюмунун 2023-жылга каржылык отчету боюнча, 2025-жылга бюджети жөнүндө чечими, “Жаңы экономикалык диалогду” өнүктүрүү концепциясы жөнүндө өкмөт башчылар кеңешинин чечими ж.б.

ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин 23-жыйынына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты жана сөз сүйлөдү.

 Акылбек Жапаров аймак боюнча транспорттук-логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү, ошондой эле жаңы эл аралык каттамдарды түзүү үчүн биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, деңиз кемеси менен кургактагы темир жол байланыштарынын ортосунда жүк ташуу логистикасын айкалыштыруу зарылчылыгын билдирди. 

Экологиялык проблемаларды козгоп, бул контекстте тоолу аймактын суу ресурстары электр энергиясынын маанилүү булагы болгондуктан экологиялык маселелер энергетика менен тыгыз байланышта экенин белгиледи. Бул багытта Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аймактагы суу ресурстарын пайдалануудагы чыңалууну кыйла азайтат жана энергетика тармагында кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт деп сыпаттады. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты