Шарль Мишель Кыргызстан менен климаттын өзгөрүүсү боюнча кызматташууну улантууга даярдыгын билдирди

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров  22-сентябрда Нью-Йоркто өтүп жаткан Келечек саммитине барган учурда Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишель менен жолугушту.

Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын негизги маселелери саясий диалогду жана экономикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдөө контекстинде талкууланды.

Ал Кыргызстан Европа биримдигинин өлкөнүн прогрессивдүү жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого кошкон салымын жогору баалай турганын баса белгиледи.

Шарль Мишель Кыргызстан менен өзгөчө туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүүсүнүн күн тартибинин алкагында тыгыз кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты