Шакиев: “Өлкөдө чоң саясий окуялар болбойт. Бардыгы мыйзам чегинде, өз кезеги менен өтөт”

  • 1 день мурун

Бүгүн, 18-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев коомчулукта алдыда чоң саясий окуялар күтүлүп жатат деген сөздөргө чекит коюуну суранып, билдирүү жасады.

Нурданбек Шакиев мындай деди:   

“Өзүңүздөргө маалым болгондой, акыркы күндөрү, жөнөкөй тил менен айтканда “экөөнү эриктирбеген, бирөөнү зериктирбеген” саясатчылар, айрым ушак-айыңга жакын адамдар “өлкөдө ар кандай өзгөрүүлөр болот экен, референдум болот, парламент таркап, парламенттин саны кыскарат, чоң-чоң саясий өзгөрүүлөр болот экен” деген ушак-айыңдарды чыгарып жатышат. Мунун бардыгы суу кечпеген сөздөр. Бизде бүгүнкү күндө саясий туруктуулукту камсыздап, ошонун негизинде жогорку экономикалык көрөсөткүчтү камсыздап жатабыз. Андыктан эч кандай саясий окуялар болбойт, алдыда 17-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолорго даярдыктар жүрөт. Ошол жергиликтүү кеңештерге шайлоону татыктуу, таза өткөрүшүбүз керек. Айтып коеюн, өлкө жетекчилиги менен бул тууралуу эртең менен талкуулап сүйлөштүк. Андыктан эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, бардыгы мыйзам чегинде өзүнүн кезеги менен өтөт. Ошондой сөздөргө чекит коюшубуз керек, урматтуу депутаттар” деди парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев.

Коомчулукта «Министрлер кабинетинде өзгөрүү күтүлүүдө, УКМК төрагасы, МИнКаб төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев премьер-министр болот экен, парламент таркатылат экен» деген сыяктуу сөздөр тарап жаткан.     

Сүрөттө: Нурланбек Шакиев. kenesh.kg        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты