Шакиев: “Эгемендүүлүк алган жылдардагы кыйынчылыктарда Акаевдин күнөөсү чоң болгон”

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты. Төрага Нурланбек Шакиев аталган маселе боюнча коомчулукта ар кандай талкуулар жүрүп жатканын белгиледи:

“Айрыкча жарандар бул арыз боюнча депутаттар кандай чечим кылат деп күтүп жатышты. Бирок мен буга чейин да, бүгүн да добуш берүүгө эч кандай таасирим тийбесин деген ойдо пикиримди айткан жокмун” деди ал.

Ошондой эле эгемендүүлүк алган жылдарда өлкөбүз көптөгөн кыйынчылыктарга туш болгонун, мында Акаевдин күнөөсү чоң болгонун билдирди.

“Жасалган иштердин жакшысынан жаманы арбын болду. Мында биринчи президент катары Аскар Акаевдин күнөөсү чоң экени анык” деди Шакиев. 

Мындан тышкары, Аксы районунан шайланган эл өкүлү катары аксылыктардын аталган маселеге карата катуу тынчсызданып жатканы айтты.

Парламент туура чечим кабыл алдык деген ойдомун. Эми буга тарых жана эл өз баасын берет”деп айтты. 

Бүгүн, 25-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу арызы каралып, депутаттар аны четке какты. 

Абакта жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы президент Аскар Акаевдин экс-президенттик макамы боюнча билдирүү жасады. Анын абактан жазган каты Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Кечээ, 24-сентябрда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинде Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтарып берүү боюнча арызы каралды.

Комитет Аскар Акаевдин экс-президенттик макамын кайтаруу боюнча маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды. Комитет парламенттин жалпы жыйынына арызды канаттандыруудан баш тартууну сунуштады.  

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, Жогорку Кеңешке кат жолдогону белгилүү болгон.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты