Шаардык сот журналисттердин баш коргоо чарасын кароодон баш тартты
- 2 недели мурун
Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаардык соту журналисттер Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын баш коргоо чарасын кароодон баш тартты.
Бул тууралуу сотко катышкан «ПолитКлиниканын» кабарчысы билдирди.
Жактоочу Улан Сейитбеков алардын баш коргоо чарасынын эч жакка кетпөө түрүн тандап берүүнү суранган, бирок соттук коллегия журналисттердин иши боюнча өкүм чыкканын айтып, өтүнүчтү кароодон баш тартты.
Эске салсак, 10-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунда иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен 11 журналисттин иши боюнча чечим чыгарган.
Анда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратып, Актилек Капаров менен Айке Бейшекееваны үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарган. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталышкан.
Сүрөт: интернет булактары