Шаар тургундары: Транспорттун экологиялык жактан эң таза түрү жок болуп жатат

  • 2 месяца мурун

28-июнда Бишкек шаарында №14 троллейбуста «Кийинки аялдама» аталышындагы акция болуп өттү.

Акциянын жүрүшүндө шаар тургундары Бишкек мэриясынын троллейбус линияларын бузуп, бүтүндөй аталган транспорттук системаны жок кылуу аракетине каршы чыгышты.

Бул тууралуу экология боюнча уюмдардын «Ecostan.kg» сайтында кабарланды.

«Бишкек шаардык кеңешинин 6-июлда бүтүшү керек болгон коомдук угууларынын жыйынтыгын күтпөстөн, мэрия 19-июндан бери эл жыш жайгашкан түштүк-чыгыш кичирайондорун троллейбус каттамдарынан толугу менен ажыратып, Байтик Баатыр жана Ахунбаев көчөлөрүндөгү линиялардын бир бөлүгүн демонтаждады» деп айтылат маалыматта.

Активисттер акция учурунда шаардагы троллейбус кыймылынын тарыхы тууралуу айтышып, аталган транспорт түрүнө арналган архивдик жана заманбап сүрөттөрдөн турган сүрөт-көргөзмө уюштурушкан. Борбор шаар тургундары транспорттун экологиялык жактан эң таза түрү жок болуп жаткандыгын айтышып, бардык каттамдарды толугу менен сактап калууну жана акыркы эки жумада шаарга келтирилген зыянды калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Сүрөт: Ecostan.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты