Селдин кесепеттеринен жабыркагандарга кредит төлөө жагынан жеңилдиктер берилет  

  • 2 месяца мурун

Улуттук банк селдин кесепетинен жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү максатында, коммерциялык банктар, банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдары  кредитти реструктуризациялоого жана келишим шарттарын өзгөртүүгө укуктуу экендигин маалымдады.  

Кредиттерди реструктуризациялоо үчүн селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучулар финансы-кредит уюмдарына кредитти реструктуризациялоо зарылдыгы жөнүндө арыз менен кайрылууга тийиш.  

Улуттук банк бардык финансы-кредит уюмдарына селдин кесепетинен жабыркаган карыз алуучуларга көмөк көрсөтүүнү жана алардын реструктуризациялоо арызын артыкчылыктуу тартипте кароону жана кредиттик келишимдин шарттарын (пайыздык ченди жана/же кредиттин мөөнөтүн өзгөртүү ж.б.) жеке тартипте кароону сунуштайт.  

14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган.

Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тартты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты